"Гитлерди, Наполеонду жеңген". Трамп Россияны "согуштук машина" деп атады

© AP Photo / TIMOTHY A. CLARYАКШнын экс-президенти Дональд Трамп
АКШнын экс-президенти Дональд Трамп  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2024
Жазылуу
Трамп НАТО өлкөлөрүнө коргонууга караган каражатын көбөйтүүнү эскерткен.
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Россияны Гитлер менен Наполеонду жеңген "согуштук техника" деп атап, Вашингтондун НАТО боюнча европалык союздаштарына салыштырганда ири мамлекет экенин айтты.
РИА Новости саясатчы бул темага Fox News телеканалынын эфиринде АКШнын европалык союздаштары менен Россиянын "тирешүүсүнө" комментарий берип жатканда токтолгонун жазды.
"Алар Гитлерди, Наполеонду жеңген. Согуштук машина", — деген Трамп.
Трамп РФ европалык өлкөлөрдөн чоң экенин белгилеп, Кошмо Штаттардын НАТО боюнча союздаштарынын коргонууга караган каражатын арбытышы керектигин эскерткен. Ал АКШ менен айырма 150 миллиард долларды түзөрүн белгиледи.
АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2024
Жакса да, жакпаса да… Трамп Путин менен Си Цзиньпин тууралуу айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0