Кыргызстан менен Казакстан авиакырсык болгон учурда бири-бирине жардам берет

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүУчак асманда учуп бара жаткан учурда. Архив
Учак асманда учуп бара жаткан учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2024
Жазылуу
Өкмөттөр аралык келишимге 2022-жылдын май айында кол коюлган.
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Казакстандын Мажилиси (парламенттин төмөнкү палатасы) Кыргызстан менен авиациялык издөө жана куткаруу жаатында кызматташуу жөнүндөгү келишимди ратификациялады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Тараптар кырсыкка учураган аба кемесинин жүргүнчүлөрү менен экипажын куткаруу үчүн издөө-куткаруу кызматтарынын өз ара иштешүүсүн жолго салууну макулдашты. Операциялар Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттарына жана сунушталган практикасына ылайык жүргүзүлөт (ИКАО).
Мындан тышкары, мамлекеттер бири-бирине авиакырсыктар тууралуу кабар берип турууну жана дароо куткаруу чараларын кабыл алууну макулдашты.
Эки өлкөнүн издөө-куткаруу кызматтары үчүн машыгуулар да уюштурулуп турат.
Өкмөттөр аралык келишимге 2022-жылдын май айында кол коюлган.
Кыргызстан жаранынын техпаорсту жана айдоочулук күбөлүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2024
Казакстанда кимдер чет элдик айдоочулук күбөлүк менен жүрө албайт? ТИМдин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0