Путин Ким Чен Ынга Россиядан чыккан автоунаа белек кылды

© Фото / POOL / Медиабанкка өтүүКЭДР башчысы Ким Чен Ын жана РФ лидери Владимир Путин. Архив
КЭДР башчысы Ким Чен Ын жана РФ лидери Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2024
Жазылуу
КЭДР лидеринин карындашы белек эки өлкө башчынын ортосундагы өзгөчө достук мамилени тастыктап турарын белгилеген.
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Корея Элдик Демократиялык Республикасынын (КЭДР) башчысы Ким Чен Ын РФ лидери Владимир Путинден россиялык өндүрүштөн чыккан автоунаа белек алганын өлкөнүн Борбордук телеграф агенттиги билдирди.
"КЭДР мамлекеттик иштеринин төрагасы жолдош Ким Чен Ынга РФ президенти Владимир Путин россиялык өндүрүштөн чыккан автоунааны белек кылды", — деп айтылат маалыматта.
Тартуу 18-февралда жеткирилиген. Аны КЭДРдин Элдик партиясынын борбордук комитетинин катчысы Пак Чон Чхон менен партиянын БКсынын жетекчисинин орун басары, өлкө лидеринин карындашы Ким Ё Чжон кабыл алды. Ал белек эки өлкө башчынын ортосундагы өзгөчө достук мамилени тастыктап турарын белгилеген.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын сентярында Ким Чен Ындын Россияга болгон сапарынын алкагында Путин ага Aurus көлүгүн көрсөткөн. РФ лидери бир канча жылдан бери ушул лимузинди пайдаланып келет.
Россиянын президенти Владимир Путин менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ново-Огаревого келишти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2023
Путин Aurus автоунаасына Мирзиёев менен Токаевди салып айдап... Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0