ИИМ такси катары оң рулдуу унаа айдоого тыюу салууну кайрадан сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековОң рулдуу автоунаанын салону. Архив
Оң рулдуу автоунаанын салону. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2024
Жазылуу
Министрлик мындай демилге жол кырсыктарын азайтат деп эсептейт.
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. ИИМ такси катары оң рулдуу унаа айдоого тыюу салууну кайрадан сунуштады. Министрликтин мыйзам долбоору бирдиктүү порталга жарыяланган.
ИИМ мындай демилге жол кырсыктарын азайтат деп эсептейт. Өткөн жылы таксисттер кагышкан 276 авария катталып, анын кесепетинен 24 киши каза тапса, 619у жаракат алган. Анткен менен министрлик анын канчасы оң рулдуу көлүк болгонун так көрсөткөн эмес.
Ведомство былтыр да ушундай эле токтом долбоорун сунуштаган. Андан мурунку жылдары демилге бир нече ирет көтөрүлүп келген, бирок таксисттер каршы болуп, митингге да чыгышкан.
Мындан сырткары, ИИМ жүрүү ылдамдыгына чек коюлбаган автобустарды каттамга чыгарбоону көздөп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары Абасбек Доромбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2023
Радио
Доромбаев: кырсыкты алдын алуу үчүн кооптуу жолдордо дрон колдонуу керек
Жаңылыктар түрмөгү
0