"Евразиялык интеграциянын символдору" сынагына арыздар кабыл алынууда. Шарты

© Фото / сайт ЕЭКЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүн желектери. Архив
ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүн желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2024
Жазылуу
Арызды 30-апрелге чейин сынактын расмий сайтында калтырса болот.
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясы Стратегиялык демилгелер агенттиги менен биргеликте ири масштабдуу жогорку технологиялык жана гуманитардык долбоорлордун "Евразиялык интеграциянын символдору" сынагына арыздарды кабыл ала баштады.
Арызды 30-апрелге чейин сынактын расмий сайтында калтырса болот.
ЕЭК билдиргендей, сынак жаңы, технологиялык жактан өнүккөн жана атаандаштыкка жөндөмдүү долбоорлорду табууга багытталган. Аларды ишке ашыруу олуттуу социалдык, экономикалык жана технологиялык натыйжаларды берет.
Сынак сегиз номинация боюнча жүргүзүлөт. Алар:
базалык тармактардын технологиялары (кен казып алуу, кайра иштетүү өнөр жайындагы жаңы технологиялар, айыл чарбасы);
транзиттик потенциал (транспорт-логистикалык чечим, транспорт, инфраструктура);
технологиялык суверенитет (микроэлектроника, химия-металлургиялык технология, телекоммуникация, электротехника, автоунаа өнөр жайы);
санариптик платформа чечимдери (маалымат коопсуздугу);
жаңы технологиялык түзүм (робототехника, нанотехнология, биотехнология, гендик инженерия, космостук технологиялар);
адам капиталы (илим, билим берүү, телемедицина, маданият, спорт);
евразиялык туризм (меймандостук индустриясы, туристтик карталар);
финансылык инклюзивдүүлүк (финансылык кызмат көрсөтүүнүн заманбап чечимдери, өлкөлөр ортосундагы соода төлөмдөрүн камсыз кылуу, алардын коопсуздугун жогорулатуу).
Сынакка ар кандай этаптагы долбоордун баары катыша алат. Жыйынтыгы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо иш-чарасы Евразия экономикалык форумунун алкагында 2024-жылдын экинчи кварталынын соңунда болору белгиленди.
ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри, экономика илимдеринин доктору Арзыбек Кожошев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2024
Радио
Кожошев: ЕАЭБ жалпы энергетикалык рыногуна РФ компаниясы операторлук кылат
Жаңылыктар түрмөгү
0