Былтыр ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө өнөр жай өндүрүшү өстү

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевАйнек чыгаруу заводунун жумушчулары. Архив
Айнек чыгаруу заводунун жумушчулары. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2024
Жазылуу
Анын ичинде кайра иштетүү өнөр жайынын өндүрүшү 7,4 пайызга жогорулаган.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Өткөн жылы ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 3,7 пайызга өстү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) сайтында жазылган.
Анын ичинде кайра иштетүү өнөр жайынын өндүрүшү 7,4 пайызга жогорулаган.
Ар бир өлкө боюнча алганда:
Беларуста өсүү 7,7 пайызды түзгөн;
Казакстанда — 4,3 пайыз;
Арменияда — 4,1 пайыз;
Россияда — 3,5 пайыз;
Кыргызстанда — 2,7 пайыз.
Евразия экономикалык комиссиясынын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2024
Пресс-борбор
ЕАЭБ өлкөлөрүндө кайсы медициналык адистиктерге муктаждык бар. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0