Суук дагы канча кармалат? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКыш. Архивдик сүрөт
Кыш. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2024
Жазылуу
Синоптиктер апта ичи дээрлик жаанчыл болорун айтты.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, Бишкекте 19-20-февраль күндөрү кар жаайт, 21инде күн ачылса, кайра 23-февралда жаан жаайт. 24-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй жана Талас облустары

19-20-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. 21-22-февралда күн ачык турат, бирок 23-24-февралда айрым жерлерде кар жаашы болжолдонду.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Айрым жерлерде туман түшөт. 20-февралга чейин көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 21-22-февралда жаан-чачын болбойт. 23-24-февралда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

19-20-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. 21-февралда айрым жерлерде кар жаайт. 22-февралда күн ачылганы менен кайра эле 23-24-февралда айрым жерлерде кар жаашы ыктымал.

Нарын облусу

18-февралда айрым жерлерде туман түшөт. 19-20-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. 21-22-февралда жаан-чачын болбойт. 23-24-февралда айрым жерлерде кар жаай турганы айтылды.
Парктагы отургучта кыз эс алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2024
Март айында аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0