Трамп: АКШ үчүнчү дүйнөнүн өлкөсүнө айланууда

© AP Photo / Paul SancyaАКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2024
Жазылуу
Буга чейин Нью-Йорк соту Трампты алдамчылык боюнча айыптуу деп тапкан.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Сот системасындагы коррупция жана Мексиканын чек арасы аркылуу кирген мигранттардын эбегейсиз агымы АКШны үчүнчү дүйнөнүн өлкөсүнө айландырууда. Бул тууралуу Дональд Трамп билдиргенин РИА Новости жазды.
"Эгер бул соттук кодулоо улана берсе эч кимдин АКШда иш жүргүзгүсү келбей калат жана биз үчүнчү дүйнөнүн өлкөсүнө айланабыз. Иш жүзүнөн алып караганда, көп эле тармактарда ошондой өлкөгө айландык. Түштүк бөлүктөгү чек арабызга көз салып көрүңүздөр", — деген Трамп Мичиган штатында тарапташтары менен жолукканда.
Буга чейин Трамп Trump Organization компаниясынын активдерин баалоодогу алдамчылык боюнча жарандык доодо аны айыптуу деп тапкан Нью-Йорк сотунун чечиминин үстүнөн кайра арыз жазарын билдирген.
Нью-Йорк штатынын башкы прокурору Летиция Жеймс Трамп 10 жыл ичинде активдеринин наркын 812 миллиондон 2,2 миллиард долларга чейин кымбаттатып алганын айткан. Анын билдирүүсүнө ылайык, Трамп мындай алдамчылыкка Майамиге гольф-курорт, Вашингтонго отель жана Чикагого мейманкана салууга насыя алуу үчүн барган.
2022-жылы Жеймс Дональд Трампка, анын балдарына жана аларга тиешелүү компанияларга каршы 250 миллион долларлык айыпка жыкчу доо арыз жазган. Ал алар алдамчылыкка жана жалган маалымат берүүгө шектелип жатканын билдирген. Ошондой эле башкы прокурор соттон Трампка, анын балдарына компанияларды же Нью-Йорктогу корпорацияларды башкарууга тыюу салууну жана штаттагы каржылык институттардан акыркы беш жылдагы анын насыялары боюнча маалыматтарды алууну талап кылган. Мындан тышкары, Жеймс соттон саясатчыга Нью-Йорктон мүлк сатып алууга тыюу салууну өтүнгөн.
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Трамп кайра шайланса Украинаны сүйлөшүүгө жетелейт
Жаңылыктар түрмөгү
0