Кыргызстан былтыр 1,3 млрд долларга 20 тоннадан ашык алтын саткан

© AFP / SEBASTIAN DERUNGSАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2024
Жазылуу
Алтынды Кыргызстандан көп алган мамлекеттердин сап башында Швейцария турат.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстан жалпы баасы 1 миллиард 284,4 миллион долларга 20 тонна 213,1 килограмм алтын экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
Алтын сатып алган мамлекеттер:
Швейцария — 17 тонна 65,1 килограмм;
Гонконг — 1 тонна 847,7 килограмм;
БАЭ — 1 тонна 294,7 килограмм;
Түркия — дээрлик 5,6 килограмм.
2018-жылдан берки экспорт боюнча маалымат:
2022 — 290,5 килограмм;
2021 — 24,8 тоннадан ашык (19 тоннаны кошкондо. Улуттук банк аны резервдердин валюталык бөлүгүн толуктоого жумшаган);
2020 — дээрлик 17,7 тонна;
2019 — 18,7 тонна;
2018 — 16,5 тонна.
Башкача айтканда, Улуттук банктын 19 тонна сатканын эске албаганда өткөн жылы рекорддук көлөмдө алтын экспорттолгон.
Кыргызстан адатта ири өлчөмдө алтын сатчу, бирок 2021-жылы экспорт кескин азайган. Баалуу металлдар рыногунун катышуучуларынын Лондон ассоциациясы "Кыргыз алтын" ААКты ишенимдүү жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен убактылуу чыгарып (бул статус кийинчерээк калыбына келтирилген) салган. Ошондой эле бийлик күтүлбөгөн жагдайларда колдонуу үчүн баалуу металлды камдап жаткан.
Военно-Антоновкадагы автобазары. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2024
Кыргызстан былтыр 185 миң автоунаа импорттогон
Жаңылыктар түрмөгү
0