Сууктан улам Бишкектин мектептери кыскартылган графикке өтүшү мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте кар жааганда мектеп окуучусу көчөдө чуркап баратат. Архив
Бишкекте кар жааганда мектеп окуучусу көчөдө чуркап баратат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2024
Жазылуу
Бала бакчаларда ата-энелердин каалоосу боюнча балдарды калтыруу сунушталган.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу Билим берүү департаментине мектептерде окууну кыскартылган графикке өткөрүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, ата-энелерге балдарын бакчага кааласа алып келүү сунушталган. Ошондой эле жеке менчик мектептерге да ушундай эле чараларды көрүүнү сунуштоо пландалып жатканы белгиленди. Бирок мөөнөтү так көрсөтүлгөн эмес.
Мэрия Кыргызгидрометеорология кызматынын маалыматына таянып, 17-февралдан баштап аба ырайы кескин өзгөрүп суук болору күтүлүп жатканын эскертти.
Мектеп окуучулары Бишкектеги Жаштар аллеясында сейилдеп жүрүшөт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2024
Күн сууктайт! Кыргызгидрометтин божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0