ТИМ Алматыдагы кыргызстандык ишкерлер жардам сураганын тастыктады

© Sputnik / Жоомарт УраимовКР ТИМинин имараты. Архив
КР ТИМинин имараты. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2024
Жазылуу
Маселе министрликтин жана Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемесинин көзөмөлүндө экени кошумчаланды.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Алматы шаарынын "Алтын-Ордо" базарында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан кыргызстандык ишкерлердин айланасындагы маселе боюнча үн катты.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Алматыда ондогон кыргыз ишкерлери Казакстандын укук коргоо органдары кысым көрсөтүп контейнерлерин тартып алып жатканы тууралуу билдиришкенин айткан.

"Мекендештердин жамааттык арызы боюнча Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугу тарабынан тийиштүү чара көрүлүүдө. Башкы консулдук Казакстан ТИМинин Алматы шаарындагы өкүлчүлүгүнө жана Алматы облусунун Карасай райондук полиция бөлүмүнө тиешелүү кайрылуу (нота) жөнөттү. Жакынкы күндөрү "Алтын-Ордо" соода комплексинин жетекчилиги менен жолугушуу пландаштырылууда", — деп жазылат маалыматта.

Учурда казак тарап Башкы консулдуктун кайрылуусун карап жатканы белгиленди. Арыз ээлерине ар тараптуу укуктук жардам көрсөтүлүп, маселени чечүү үчүн жактоочу алуу боюнча сунуштар берилген. Маселе министрликтин жана Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемесинин көзөмөлүндө экенин кошумчаланды.
Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
ТИМ: Казакстанда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү таанылышы керек
Жаңылыктар түрмөгү
0