Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү кызматынан бошотулду

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваПрезиденттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров. Архив
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2024
Жазылуу
Абдыкадыров бул кызматка үч ай мурун дайындалган болчу.
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон. Азырынча мындай чечимдин себеби айтылган жок.
Абдыкадыров бул кызматка 2023-жылдын ноябрында дайындалган. Буга чейин 2022-жылдын февраль айынан 2023-жылдын октябрына чейин Бишкек шаарынын мэри болуп иштеп келген.
Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович — өмүр баяны
Жаңылыктар түрмөгү
0