Кыргыз тилин билбеген, жакындары соттолгондор судья боло албайт. Депутаттын сунушу

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСудьянын балкасы. Архив
Судьянын балкасы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2024
Жазылуу
Эл өкүлүнүн мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев мамлекеттик тилди билбеген, жакындары соттолгон жарандарды судья болуу укугунан ажыратууну демилгеледи.
Эл өкүлүнүн мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Эгер ал кабыл алынса, Фемида өкүлүнүн милдетин аткаруучуларга төмөнкүдөй талаптар коюлат:
жакын туугандары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү катары таанылса, оор же өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолсо кызматка алынбайт;
жакын туугандарынын кесилбегени, эгер соттолсо акталганы тууралуу маалым кат;
бардык деңгээлдеги соттор мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билгендиги жөнүндө сертификат (облустарда соттор ишти расмий тилде карап, котормочу жалдап убара кылган учурлар бар);
Конституциялык жана Жогорку соттун судьялары расмий тилдерди билиши керек.
Иш кагаздарды изилдеп жаткан жактоочу. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2024
Мамлекеттик жактоочуну "чөнтөк" юрист көрүшөт. Акысыз адвокат тууралуу маек
Жаңылыктар түрмөгү
0