Кыргызстандык боксчу Анваржан Ходжиев эл аралык турнирде алтын утту. Видео

© Фото / пресс-служба Департамента физической культуры и спортаКыргызстандык боксчу Анваржан Ходжиев эл аралык турнирде алтын утту
Кыргызстандык боксчу Анваржан Ходжиев эл аралык турнирде алтын утту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2024
Жазылуу
Алтын медаль үчүн индиялык мушкер Шагольшем Барун Сингхдини менен беттешип, өлкө намысын коргогон.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстандык боксчу Анваржан Ходжиев "Странджа кубогу — 2024" турниринде алтын медаль утту. Бул тууралуу Спорт департаментинен кабарлашты.
Аталган ири эл аралык мелдеш Болгариянын София шаарында өткөн. Спортчу 48 килограммга чейинки салмакта ат салышты. Ходжиев украиналык Денис Биленкону, азербайжандык Сахил Аллахвердовду жеңип финалга чыккан. Алтын медаль үчүн индиялык мушкер Шагольшем Барун Сингхдини менен беттешип, өлкө намысын коргоду.
Курама команда "Странджа кубогу-2024" эл аралык мелдешине машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында катышканы белгиленди.
Кыргызстандын Кёрлинг федерациясынын президенти Тынчтыкбек Саматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2024
Радио
Кыргызстан кёрлинг боюнча Азия оюндарына катышат
Жаңылыктар түрмөгү
0