Катардын футбол боюнча курама командасы Азия кубогун экинчи ирет жеңди. Видео

© AFP / GIUSEPPE CACACEКатардын футбол боюнча курама командасы Азия кубогун жеңди
Катардын футбол боюнча курама командасы Азия кубогун жеңди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2024
Жазылуу
Финалда катарлыктар Иордания командасы менен кез келген.
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Катардын футбол боюнча курама командасы Азия кубогун экинчи ирет жеңди.
Финалда талаа ээси Иордания командасын 3:1 эсеби менен уткан. Катарлыктар үч топту тең пенальтиден киргизип, таң каларлык жыйынтык көрсөтүштү. Голдун баарын Акрам Афиф киргизген. Муну менен ал турнирдин мыкты оюнчусу жана мыкты чабуулчусу боло алды.
Бул беттеште катарлыктар жети беттештин баарын жеңип алышкан. Тайпалык баскычта Тажикстан, Кытай жана Ливан жеңилсе, 1/8 финалда Палестинаны, андан кийин 1/4 финалда Өзбекстанды утушту. Жарым финалда Иран менен беттешип, андан соң финалда жогорудагыдай жыйынтык көрсөтүшкөн. Ошентип Катар курамасы чемпиондук титулун коргоп алды. Катар 2019-жылы да Азия кубогун жеңген.
Кыргызстандын Кёрлинг федерациясынын президенти Тынчтыкбек Саматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2024
Радио
Кыргызстан кёрлинг боюнча Азия оюндарына катышат
Жаңылыктар түрмөгү
0