Үч жылдын ичинде ККМ колдонгон ишкерлердин саны 4 эсеге көбөйдү

© Фото / пресс-служба ГНС КРККМ менен иштөө. Архив
ККМ менен иштөө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 75 695 контролдук-кассалык машина ийгиликтүү колдонулууда. Бул туурасында Салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул сан 2020-жылга салыштырмалуу төрт эсеге көбөйгөн. Мекеме өлкө аймагында ККМди киргизүү боюнча системалуу иштерди жүргүзүп жатат.
ККМдин 33 моделин камтыган реестр түзүлүп, 26 техникалык тейлөө борборлору менен өз ара иштешүү боюнча келишимдер түзүлгөн. Бул чаралардын алкагында кассалык машиналардын баасын төмөндөтүү жана ишкерлерге бөлүп төлөө аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча биргелешкен иштер жасалып жатканы айтылды.
Колунда чеки бар аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2023
Мамкызматкерлер соода кылганда чек талап кылууга милдеттүү. Өкмөт түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0