"Бишкек" ЭЭАда 13,8 млн. сомдук мүлк сатылып кеткени аныкталды

© Sputnik / Акылбек Батырбеков"Бишкек" эркин экономикалык аймагы. Архив
Бишкек эркин экономикалык аймагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2024
Жазылуу
"Кадастр" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери 2021-жылы мүлктү мыйзамсыз каттап беришкен.
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. "Бишкек" эркин экономикалык аймагында мамлекеттин 13 миллион 850 миң сомдук мүлкү мыйзамсыз жеке менчикке сатылып кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мыйзам бузуу текшерүүдөн кийин аныкталган.
"Мамлекеттик менчикте болгон аянты 428,8 чарчы метр жери менен өндүрүштүк имараттар 1997-жылы "И-м Т-ко" ЖЧКсына 40 жылга ижарага берилген. "Бишкек" ЭЭАнын жана аталган ишкананын жооптуу кызматкерлери 2002-жылы сатып алуу-сатуу процедурасын мыйзамсыз өткөрүп, жогорудагы өндүрүштүк имараттарды F-M ЖЧКсына сатып жибергени аныкталган. 2021-жылы "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Бишкектеги филиалында иштегендер пайда көрүү максатында "И-м Т-ко" ЖЧКсы менен F-M ЖЧКсы ортосундагы 19 жыл мурда мыйзамсыз жасалган сатып алуу-сатуу келишимдерин каттоодон өткөрүп, мамлекеттик мүлктү F-M ЖЧКсынын менчиги катары каттап беришкен", — деп жазылат маалыматта.
Мындан улам "И-м Т-о" , F-M ЖЧКларынын өкүлдөрү, "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери жана "Бишкек" ЭЭАнын жооптуу кызматкерлери мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 13 миллион 850 миң 785 сом материалдык зыян келтиришкени айтылды.
Аталган факт боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") жана 245-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу") боюнча иш козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды. Мындан тышкары, Бишкектин Административдик сотуна 2002-жылдагы сатып алуу-сатуу келишиминин каттоосун жараксыз деп табуу боюнча доо арыз келтирилген.
Үй курулушунда иштеп жатккан куруучу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2023
Курулуш компаниясына алданып калбоо үчүн эмнени билүү шарт? Юристтин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0