Кыргызстандык шахматчылар эл аралык турнирде алтын жана коло медаль алышты

© Sputnik / Сергей ПятаковШахмат ойноп жаткан өспүрүм бала. Архив
Шахмат ойноп жаткан өспүрүм бала. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кыргызстандык Элдияр Орозбаев менен Асылбек Абдыжапар шахмат боюнча эл аралык турнирде алтын жана коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, СССРдин биринчи спорт чебери Юрий Никитиндин жаркын элесине арналган турнир Казакстандын Павлодар шаарында өткөн.
Мелдешке Россия, Казакстан, Кыргызстандын шахматчылары катышты. Кыргызстандын атынан эркектер арасында өлкө чемпиондору болгон Асылбек Абдыжапар менен FIDE мастери Элдияр Орозбаев барган.
"11 турдун жыйынтыгы менен Элдияр Орозбаев 1-орунду ээлесе, Асылбек Абдыжапар коло медаль тагынды", — деп жазылат кабарда.
Дзюдочу Эрлан Шеров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2024
Дзюдочу Эрлан Шеров Париждеги турнирде коло медаль утту. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0