"Агам эмнеге дагы эле мас бойдон жүрөт?" Ошто дарыгерлер сабалган видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКишини сабоо. Архивдик сүрөт
Кишини сабоо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2024
Жазылуу
Окуядан бир күн мурда 34 жаштагы жаран агасын көп ичкендиктен медициналык жайга дарылоо үчүн жаткырганы айтылды.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Ош облустук Психиатрия жана наркология борборунун дарыгерлерин сабаган кишинин видеосу тарады.
Ош шаардык милициясы окуя 31-январда саат 23:00дөр чамасында болгонун билдирди.
"34 жаштагы тургун агасы көп ичкендиктен улам дарылоо үчүн жаткырган. Эртеси кабар алганы келгенде анын мас жүргөнүн көрүп, дарыгерлерге "силерге ишенип алып келсем эмнеге ичирип койдуңар, дагы деле мас болуп жүрөт" деп нааразы болуп жаңжалдашкан", — деп айтылат маалыматта.
Социалдык тармакта медиктерди урган киши милиционер экенин жазышкан, бирок ШИИБ аны четке какты. Бул иш боюнча тергөө жүрүүдө.
Дарыгерлердин абалын суроо үчүн аталган оорукананын жетекчилиги менен байланышууга мүмкүн болбой жатат.
Бул соңку күндөрү дарыгер сабалган экинчи окуя. Буга чейин Бишкек шаарында Улуттук госпиталдын врачын бейтаптын тууганы чачтан алып сабаган видео тараган.
Стоматолог иш учурунда  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2024
Стоматологияда чарчап калган бөбөк. Сот дарыгерди камактан чыгарган себебин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0