Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жуматаева: камкорчусунан ажыраган бардык студенттерге пенсия төлөө сунушталууда

© Sputnik / Асель СыдыковаСоциалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева
Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2024
Жазылуу
Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева камкорчусунан ажыраган студенттерге төлөнүп берилчү пенсиянын кулачы кеңеерин айтты.
Пенсиялык реформанын негизинде сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча камкорчусунан ажыраган, окуу бөлүмүндө сырттан билим алган студенттерге да пенсия төлөө каралууда. Бул тууралуу Гүлнура Жуматаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Жуматаева: камкорчусунан ажыраган бардык студенттерге пенсия төлөө сунушталууда
Анын айтымында, мыйзам долбоору ЖКда тиешелүү комитеттин кароосунан өттү.

"Чынында пенсиялык реформа өлкөдө былтыр эле башталган жок. Бул мезгил талабы десек болот. Былтыр мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштаганыбызда эл өкүлдөрү өз сунуш-пикирлерин берип, мыйзам долбоорун кайра кароого артка кайтарышкан болчу. Быйыл депутаттардын сунуштары эске алынган мыйзам долбоорунда биз багарынан ажыраган балдарга эч кандай документ талап кылбай пенсияны 16 жаштан 18 жашка чейин узартууну сунуштадык. Ошондой эле эгер бала окуу жайга тапшырса, ал 23 жашка чыкканга чейин билим алуусунун түрүнө карабай пенсия берилет. Мурда күндүзгү бөлүмдө окуган гана студенттер алса, эми сырттан окуган, чет мамлекетте билим алган студенттерге да пенсияны 23 жашка чейин төлөп турууну карап жатабыз", — деди Жуматаева.

Ал мындай пенсияга чыгыш үчүн студент "окуп жатат" деген маалым кат тапшыруусу гана жетиштүү болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0