Кыргызстанда майыптык алуу үчүн бир гана документ талап кылынмай болду

© Sputnik / Владимир ПесняКоляскада отурган майыптыгы бар бала. Архивдик сүрөт
Коляскада отурган майыптыгы бар бала. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2024
Жазылуу
Кыргызстанда майыптыгы бар адамдарга кам көрүүнү жакшыртуу үчүн "Жеткиликтүү өлкө" мамлекеттик программасы иштейт. Программа 2030-жылга чейин уланат.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Өлкөдө майыптыкты күбөлөндүрүүдөн өтүү, кайра күбөлөндүрүү, майыптык фактысын аныктоо жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Мекеме билдиргендей, мурда бул үчүн медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар 11 документ топтоп беришсе, эми бир гана документ – амбулатордук карта гана керек.
Саламаттык сактоо уюмдары зарыл документтерди санариптештиргенден кийин адам медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга бир эле жолу барышы керек болот.
Мекеменин маалыматы боюнча, учурда медициналык-социалдык экспертизаны реформалоо иштери башталды.
"Ошондой эле реабилитациялоонун жекече программасына, тактап айтканда, майыптыгы барларды ишке орноштуруу, кайра окутуу, жардамдын кошумча түрлөрү менен камсыз кылуу жана башка ушул өңдүү жагдайларды аныктоо иштерине көзөмөл күчөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Мекеме 2023-2030-жылдары "Жеткиликтүү өлкө" мамлекеттик программасынын алкагында майыптыктын медициналык модели социалдык моделге өткөрүлө турганын кошумчалады.
Майыптык менен бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2024
Балдардын майыптыгы боюнча жөлөк пулду кантип алса болот? Министрликтин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0