Ситуация в Бишкеке во время массового отключения электричества - Sputnik Кыргызстан, 1920
Бишкек ТЭЦиндеги авария
2-февралга караган түнү борбор калаадагы ТЭЦте авария катталып, түнкү саат 03.00дө жарылуу болгон. Айрым бишкектиктердин үйүнө жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады.

Жапаров ТЭЦтен чыгып, ооруканадагы жабыркагандардан кабар алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСадыр Жапаров ТЭЦтеги авариядан жабыркагандарга барды
Садыр Жапаров ТЭЦтеги авариядан жабыркагандарга барды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2024
Жазылуу
Бейтаптар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болору айтылды
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Клиникалык медициналык тез жардам ооруканасына барып, ТЭЦтеги авариядан жабыркагандардан кабар алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жапаровго бейтаптардын абалы тууралуу маалымат берип, зарыл болгон медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлүп жатканын белгилеген. Жабыркагандар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болору айтылды.
"Президент бейтаптардын тез сакайып кетишин каалап, медициналык кызматкерлерге ыкчам чараларды көргөнү үчүн ыраазычылык билдирди", — деп жазылат маалыматта.
Өлкө башчы ооруканага чейин ТЭЦке да барган. Анда тиешелүү органдарга тез арада үйлөрдү жана социалдык объектилерди жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүнү, ошондой эле ТЭЦтин иши толук калыбына келтирилгенге чейин ыкчам маалымат берип турууну тапшырган.
Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкектеги ТЭЦте авария катталды. Мындан улам шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Азыркы тапта кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери жүрүп, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия иштеп жатат.
Авария боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүүдө.
Ошондой эле ыкчам маалыматтарды Телеграм-каналдан да окуп турсаңыздар болот.
РФ өкмөтүнен төрагасы Михаил Мишустин ЕӨАК алкагындагы Алматыдагы эл аралык санарип форумунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2024
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Россия Бишкек ТЭЦиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга жардам берүүгө даяр
Жаңылыктар түрмөгү
0