Ситуация в Бишкеке во время массового отключения электричества - Sputnik Кыргызстан, 1920
Бишкек ТЭЦиндеги авария
2-февралга караган түнү борбор калаадагы ТЭЦте авария катталып, түнкү саат 03.00дө жарылуу болгон. Айрым бишкектиктердин үйүнө жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады.
Бишкек ТЭЦин имараты - Sputnik Кыргызстан

Бишкек ТЭЦинде авария болду. Түз алып берүү: сүрөт, видео

Жазылуу
Бишкектин жылуулук борборунда авария болуп, шаарга жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады. Бул боюнча маалыматтарды окурмандарга кабарлап турмакчыбыз.
Мазмуну
08:57 02.02.2024
Саламаттык сактоо министрлиги ТЭЦтеги авариядан беш киши жабыркагандыгын билдирди
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
23:19 02.02.2024
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин маалыматы боюнча, 100дөн ашык куруучу ТЭЦтеги бузулган жерлерди калыбына келтирүүгө киришти.
23:15 02.02.2024
Жарылуунун себептерин изилдөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлөт
Аны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектейт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун ТЭЦте өткөргөн ыкчам штабдын жыйынында айтылды.
Заседание оперативного штаба по ситуации вокруг ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Заседание оперативного штаба по ситуации вокруг ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Заседание оперативного штаба по ситуации вокруг ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Заседание оперативного штаба по ситуации вокруг ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
23:06 02.02.2024
Бишкекке Россиядан адистер келишет

Алар ТЭЦтеги авариянын себептерин аныктоого жардам берерин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
21:50 02.02.2024
Жарылуунун дагы бир видеосу
21:49 02.02.2024
ТЭЦтеги жарылуудан жабыркагандар Түркияга жөнөтүлүшү мүмкүн
Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен саламаттык сактоо министри түркиялык кесиптештери менен сүйлөшкөн. Бүгүн Түркиянын күчтүү комбустиологдорунун (күйүк боюнча хирург) бири профессор Корай Даш менен онлайн-консилиум өткөрүлүп, жабыркагандарды дарылоонун тактикасы талкууланат.
Эртең өлкөгө түркиялык эки адистин келүүсү күтүлүүдө. Алар жергиликтүү дарыгерлер менен биргеликте күйүк алган жумушчуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүшөт. Андан ары зарылчылык жаралса жабыркагандар Түркияга жөнөтүлөт.
21:47 02.02.2024
ӨКМ ТЭЦтеги авариянын кесепетин жоюу учурунда
19:47 02.02.2024
Башкы прокуратура ТЭЦтеги жарылуу фактысы боюнча иш козгоду
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 245 (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”), 317 (“магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн курууда, эксплуатациялоодо же оңдоодо коопсуздук эрежелерин бузуу”), 337-беренелери (“кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголду. Тергөөнү УКМК жүргүзөт.
17:55 02.02.2024
17:01 02.02.2024
16:52 02.02.2024
Садыр Жапаров ТЭЦтеги жарылуунун болжолдуу себебин айтты
Президент Садыр Жапаров Бишкек ТЭЦтеги жарылууга көмүрдүн тиешеси болушу мүмкүн экенин "Кабардагы" маегинде айтты.
"Биз былтыр Шабыркөл көмүрүн алганбыз. Таза көмүр, калориялуулугу 5500 Ккал/кг. Эми мен адис эмесмин. Бирок ошентсе да күчтүү көмүр экенин эске албай Кара-Кеченин көмүрүн жаккандай эле жага берип, температура көтөрүлүп кетип жарылуу болдубу деген ойдо турам", — деди президент.
16:30 02.02.2024
Президент Садыр Жапаровго Бишкектеги ЖЭБде жарылуу кандай болгонун жана калыбына келтирүү жаатындагы аракеттер боюнча маалымат беришти.
16:24 02.02.2024
16:10 02.02.2024
Садыр Жапаров: абал оор бирок, жакынкы убактарда кырдаалдан чыгып кетебиз

"Абал оор эле. Жарылуу түнкү саат 03:00дөр чамасында болду. Азыр эми оор абалдан чыгуу жагына бет алдык. Кудай буюрса, жакынкы убактарда кырдаалдан чыгып кетебиз", — деген президент.

Авария на ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
15:24 02.02.2024
14:34 02.02.2024
Садыр Жапаров ТЭЦтеги авариядан жабыркагандардан кабар алды
Бейтаптар тууралуу соңку маалыматты өлкө башчысына саламаттык сактоо министри берген.
14:32 02.02.2024
Товарлар кымбаттабайт
ТЭЦтеги авариядан азык-түлүктүн жана башка маанилүү товарлардын кымбатташына жол берилбейт. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Монополияны жөнгө салуу агенттиги бардык соода объектилеринде, ири базарларда түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
"Соода борборлор менен базарлардын администрацияларына баага көз салуу тапшырмасы берилген. Жылыткычтарды саткан дүкөндөргө дагы эскертүү берилди", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик ири базаларда көмүр жетиштүү деп ишендирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0