Борбор Азия боюнча рактан каза болгондор Кыргызстанда көп

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүОнколог баш сөөгүндө жайгашкан шишиктердин сүрөтүн изилдеп жатат. Архив
Онколог баш сөөгүндө жайгашкан шишиктердин сүрөтүн изилдеп жатат. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2024
Жазылуу
Ак халатчандар ооруну эрте аныктоо үчүн рактын алгачкы белгилери тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу, үзгүлтүксүз профилактикалык жана скринингдик текшерүүлөрдү жасоо зарылдыгын белгилешет.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Кыргызстанда жыл сайын онкологиялык оорулардын 5,5 миңге жакын жаңы учуру катталат. Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борборунун "Текшерилүүгө убакыт келди, рактан бир кадам алдыда болгула" аталышындагы иш-чарасында айтылган. Маалыматтык жыйын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте өткөрүлгөн.
Билдирмеге ылайык, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан рактан каза болгондордун саны боюнча биринчи орунда турат.
Ак халатчандар ооруну эрте аныктоо үчүн рактын алгачкы белгилери тууралуу калкты маалымдоону жогорулатуу, үзгүлтүксүз профилактикалык жана скринингдик текшерүүлөрдү жасоо зарылдыгын белгилешет.

"Жатын моюнчасынын рак оорусу эч кандай белгилери жок өтөт жана көпчүлүк адамдар дартка чалдыкканын алгачкы күндөрү сезбейт. Рак канчалык эрте аныкталса, айыгууга мүмкүнчүлүк ошончолук жогору болот. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча ар бир аялды бул дарттан сактоо үчүн билим, тажрыйба кенен жайылып, ооруну дарылоочу заманбап жабдыктар да ишке киргизилген. Жатын моюнчасынын рагын алдын алуу үчүн 11 жаштагы кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү уланууда. Ага кошумча, аялдар убагында дарыгерге кайрылуусу үчүн маалыматтык кампаниялар, профилактикалык дарылоону өнүктүрүү иштери жүргүзүлүүдө", – деп белгилеген саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев.

Рентгенолог бейтапты ПЭТ/КТде текшерип атат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2023
Рактын так аныкталышы — дарттан арылуунун башаты. Кыргызстандагы жаңы ыкмалар
Жаңылыктар түрмөгү
0