Улут сыймыгы, нагыз элдик жазуучу. Мелис Абакировго жазылган бийликтин некрологу

© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики КРКыргыз Республикасынын эл жазуучусу Мелис Абакиров. Архив
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Мелис Абакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2024
Жазылуу
Жазуучу менен коштошуу бүгүн 11:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болот.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Мелис Абакиров дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу президент Садыр Жапаровдун жана мамлекеттик ишмерлердин атынан некролог жарыяланды.
Кара сөз чебери, калемгердин дүйнө салышы улуттук адабият үчүн оор жоготуу болду.
Жазуучуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты 31-январда саат 11:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.
"Улут сыймыгы, нагыз элдик жазуучу Мелис Абакировдун жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз", — деп айтылган некрологдо.
Мелис Абакиров Чүй районунун Бурана айылында 1940-жылы 15-мартта туулган. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1963-жылы мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1965-1970-жылдары Ысык-Көл облусундагы Тоң райондук "Эмгекчил" гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орун басары болуп иштеген.
1970-1971-жылдары "Ленинчил жаш" гезитинин бөлүм башчысы, 1971-1979-жылдары "Советтик Кыргызстан" гезитинин адабий кызматкери, өз кабарчысы, жооптуу катчынын орун басары болгон. Андан кийин Абакировдун редакторлук вазийпасы башталат. 1979-1985-жылдары Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма комитетинин башкы редактору, 1985-1988-жылдары "Мектеп" басмасында бөлүм башчы, 1988-жылдын август айынан "Адабият" басмасынын башкы редакторунун ишин алып барган. 1992-1998-жылдары ушул басманын директору, 1998-2005-жылдары "Акыл" акционердик коомунун төрагасынын орун басары – "Кыргызстан" басма үйүнүн башкы редактору, 2004-жылдын декабрь айынан 2007-жылдын мартына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун катчысы болуп иштеген.
Улуттук адабияттын жана Жазуучулар союзунун эмгек сиңирген ардагери.
Алгачкы аңгемелери студенттик жылдарда жарыяланып, 1978-жылы "Жаштык рапсодиясы" аттуу биринчи аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.
Кыргыз тилинде "Жаштык рапсодиясы", "Жинди Сабыр", "Канталамай", "Чоң энемдин жомогу", "Алмалуу бак", "Алчалуу төр", "Көкөй кести", "Барымта", "Эрөөл", "Сакадай бою сары алтын" ж.б. аңгеме, повесть, романдары, орус тилинде "Сказки моей бабушки", "Рапcодия молодости", "Герои эпоса "Манас", "Верблюд и мышь", "Азарт", "Детство в годы изгнания", башка тилдерде "Энемиң эртекилери", "Катагонда утган болалик" китептери жарык көргөн.
Абакиров котормочулук менен да алектенген. Лев Толстойдун "Кумурска менен көгүчкөн" (тамсилдер), Хуан Рамон Хименестин "Платеро жана мен", Олег Шестинскийдин "Блокада новеллалары" (аңгемелер жана новеллалар), Арпад Генцтин "Майдан" (новеллалар, эсселер, пьеса) ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
1983-жылдан тартып СССР Жазуучулар союзунун, 1976-жылдан тартып СССРдин Журналисттер союзунун мүчөсү.
Мелис Абакировдун адабият, маданият жана басма сөз тармагындагы эмгектери бааланып III даражадагы Манас ордени, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланып, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу ардактуу наамдары ыйгарылган.
Белгилүү саясий жана коомдук ишмер, профессор Топчубек Тургуналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
Белгилүү саясий жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев дүйнө салды
Жаңылыктар түрмөгү
0