Бишкекте дагы эки маршрутканын ордуна автобустар жүрмөй болду

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектеги мэриянын жаңы автобустары. Архив
Бишкектеги мэриянын жаңы автобустары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2024
Жазылуу
Бир каттам 33 чакырымды түзсө, экинчиси 47 чакырымды басып өтөт.
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкекте 1-февралдан тарта №145 жана №169 автобустар каттап баштай турганын мэрия билдирди.
Буга чейин элди микроавтобустар ташып келген. Эми алардын ордуна ошол номерлер менен автобустар чыкмай болду. Аларды "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы" тейлейт.
№145 автобус Көк-Жар конушунан Маевка айылына чейин барып, жолдун узактыгы 33 чакырымды түзөт. 14 автобус 6-8 мүнөттүк интервал менен каттай турганы айтылды.
Ал эми №169 автобус Ак-Ордо 3 конушунан "Шоро" компаниясына чейин жүрөт. 47 чакырымды басып өтчү транспорт 12 мүнөттүк интервал менен чыгат. Линияга 14 автобус бекитилген.
Мэрия шаардагы маршруткалардын баары бара-бара автобустарга алмаштырыла турганын эскертти.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2024
Бишкекке айыл-конуштарды кошуу, жол кире, унаа тыгыны. Бишкек мэри менен маек
Жаңылыктар түрмөгү
0