Лавров: Батыш болгон күчү менен үстөмдүгүн сактоого аракет кылууда

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРФ ТИМ жетекчиси БРИКС өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен кеңеште
РФ ТИМ жетекчиси БРИКС өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен кеңеште  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2024
Жазылуу
Россия министринин айтымында, дүйнөлүк экономиканын активдүүлүгү Евразия жана Азия-Тынч океан аймактарына жылып топтолууда.
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. АКШ башында турган жамааттык Батыш болгон-бүткөн күчү менен үстөмдүгүн жана калган дасмиясын сактап калууга далбас урууда. Бул туурасында РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров айтты.
"Алар болжол менен 500 жылга жакын үстөмдүк кылып, анысына канааттанып келген. Бул — колонияга айланткан согуштар, башка элдерди эзүү жана башка нерселер. Жалпысынан алганда муну "алтын азчылыктын" ээ болгон артыкчылыктары катары сыпаттаса болот. Ал миллиард, анткен менен азчылык дагы болуп кое алат", — деген Лавров Россия өкүлчүлүгүнүн БРИКС өлкөлөрүнүн шерп жана супер-шерптери менен болгон жолугушуусунда.
ТИМ башчысынын айтымында, дүйнөлүк экономиканын активдүүлүгү Евразия жана Азия-Тынч океан аймактарына жылып топтолууда.
"Бул жердеги катышып отурган мамлекеттердин, дүйнөлүк жаңы борборлордун глобалдуу маанилүү чечимдерди кабыл алынышына катышуу боюнча табигый каалоосу өсүп жаткан экономикалык потенциал менен бекемделет деп айтар элем", — деген министр.
Ал "саясий жана соода-инвестициялык активдүүлүк Евроатлантикадан Евразия менен Азия-Тынч океан тараптагы аймактарга капыстан эле жылып келе жатпагандыгын" белгилеген.
БРИКС саммитинин басма сөз борборундагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2024
БРИКСтин келечеги кең. Лавров бирикмеге кызыккандар көбөйүп жатканын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0