ЖК комитети ЖМК тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды

© AFP / CHANDAN KHANNAМикрофон менен журналист. Архив
Микрофон менен журналист. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Жазылуу
Жаңы мыйзамга "веб-сайт" деген түшүнүк киргизилет.
БИШКЕК, 30-янв — Sputnik. Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети ЖМК тууралуу жаңы мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Документти министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров демилгелеген. Анын автору азыркы мыйзам эскирип, интернет кеңири жайылган замандын талаптарына жооп бербей турганын айткан.
Жаңы мыйзамга "веб-сайт" деген түшүнүк киргизилип, бардык ЖМКлар мамлекеттик каттоодон өтүшү зарыл. Демилгечилердин айтымында, мындай нерсе өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн керек.
Мындан тышкары, маданият министри Кыргызстанда фейктерди "кармай" турган мониторинг борбору түзүлөрүн айткан.
Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2023
Депутат фейктерди "басып" билим берүү министрине жардам берип жатканын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0