Бишкекте 1-класстар февралда кошумча каникулга тарайт. Убактысы

© Sputnik / Табылды КадырбековКышкы каникул учурунда кар ойноп жаткан окуучулар. Архив
Кышкы каникул учурунда кар ойноп жаткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бишкекте 1-класстын окуучулары 12-февралдан 17-февралга чейин кошумча каникулга тарайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, бөбөктөр бир жума эс алып, окуу кайра 19-февралда башталат.
1-класстын окуучулары үчүн кошумча каникулдарды мэриянын билим берүү департаменти бекиткени кошумчаланды.
Буга чейин Билим берүү министрлиги ар бир регион эс алуу күндөрдүн датасын өз алдынча чечип аларын билдирген.
Ал эми жазгы каникул 21-мартта башталып, 31инде бүтөт. Окуу 1-апрелде башталат.
Календарь каникул на 2023/2024 год - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2023
Кыргызстандагы 2023/2024-окуу жылына карата мектеп каникулдарынын календары
Жаңылыктар түрмөгү
0