Балыкчыда милиционер сүзүп кетти делген кыздын атасы тосмо арыз жазды

© AFP / THOMAS SAMSON Ооруканада жаткан кыз. Архив
Ооруканада жаткан кыз. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2024
Жазылуу
Жабырлануучунун атасы тосмо арызды эмне себептен жазганын ачыктаган жок.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Балыкчыда унаа сүзүп кеткен кыздын атасы кармалган милиция кызматкерлерине карата дооматынан баш тартты. Маалыматты биздин кабарчыга жабырлануучунун атасы Максат Байгазиев тастыктады. Бирок ал тосмо арызын эмне себептен жазганын ачыктаган жок.
Эске салсак, жол кырсыгы 2024-жылдын 26-январында болгон. Анда Geely Monjaro үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 11 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Транспорт Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгына таандык экени такталган. Окуя чуу жаратып, кыздын атасы видеокайрылуусунда кырсыкка шаардык милициянын жетекчилеринин бири күнөөлүү экенин айтып чыккан.
ИИМ кызматтык иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында рулда болгом деген аймактык тескөөчү менен шаардык милициянын башчысы болуп иштеген агасын иштен алган. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси ("Коркунучта калтыруу - этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун") жана 312-беренеси ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу - этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген ошол эле жосун") боюнча айыпталууда.
Шектүүлөр 50 миңден 100 миң сомго чейин айыпка жыгылышы же беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, кылмыш иши тараптар жарашкандан кийин токтотулушу мүмкүн.
Кырсыктын чоо-жайын иликтеп жаткан УКМКнын маалымат кызматы дооматтан баш тартуу боюнча маалыматка комментарий бере элек.
Ооруканада жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2024
Балыкчыда милиционер сүзүп кетти делген ооруканадагы кыз Бишкекке которулат
Жаңылыктар түрмөгү
0