Стоматолог: акыл азуунун пайдасы жок дегендер жаңылышат

© Фото / Pexels / Cedric FauntleroyСтоматолог азуу тиштеринин түзүлүшун бейтапка көрсөтүп жатат. Архив
Стоматолог азуу тиштеринин түзүлүшун бейтапка көрсөтүп жатат. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2024
Жазылуу
Адис акыл азуу эмне себептен чыкпай каларын да түшүндүргөн.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Акыл азуунун пайдасы жок деген сөз — жаңылыштык. Бул тууралуу хирург-стоматолог Надежда Патлатая "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде айткан.
"Көпчүлүк акыл азууну эч кызматы жок деп ойлоп, ооруса эле жулдуруп салат. Бирок анын бир нече милдети бар", — деген стоматолог.
Адистин айтымында, акыл азуу тамак-ашты майдалаганга жана башка тиштердин жылып кетпешине жардам берет. Аларды жулуп салганда кариес менен ооз көңдөйүнүн башка оорулары пайда болушу мүмкүн.
Адис ошондой эле акыл азуу эмне себептен чыкпай каларын айткан.
"Биринчиден, бул генетикага байланыштуу. Кээ бир адамдардын тукумунда акыл азуу чыкпайт. Экинчиден, мындай азуулар жаактын кичинекей болушунан улам чыкпай калышы ыктымал. Үчүнчү себеп — тиштин өрчүүдөгү өзгөчөлүгү", — деген Патлатая.
Ал ошондой эле акыл азуу чыкпай калса аны дарылоонун кажети жоктугун кошумчалаган. Бирок ал тиш бүйлөсүнөн чыга албай оорутса дароо дарыгерге кайрылуу зарыл.
Тишин тазалап жаткан кыз. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2024
Бала канча жашынан тишин жууп баштаса болот? Дарыгердин түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0