Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызстанда Ленинград блокадасынан аман чыккан 10 эле адам калды

© Sputnik / Асель СыдыковаЭстеликтерди сактоо жана түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын төрайымы, Чоң-Арыктагы музейдин директору, Кыргыз ССРинин эл агартуу отличниги жана КР маданиятына эмгек сиӊирген ишмер Калбүбү Менсеитова
Эстеликтерди сактоо жана түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын төрайымы, Чоң-Арыктагы музейдин директору, Кыргыз ССРинин эл агартуу отличниги жана КР маданиятына эмгек сиӊирген ишмер Калбүбү Менсеитова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2024
Жазылуу
Эстеликтерди сактоо жана түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын төрайымы, Чоң-Арыктагы музейдин директору, Кыргыз ССРинин эл агартуу отличниги жана КР маданиятына эмгек сиӊирген ишмер Калбүбү Менсеитова тарыхты сактап жаш муундарга жеткирүү парз экенин айтты.
Быйыл Ленинград курчоосунун үзүлгөнүнүн 81 жылдыгы жана аталган шаардын фашисттерден толугу менен куткарылышынын 80 жылдыгы белгиленип жатат. Блокада толугу менен 1944-жылдын 27-январында алынган. Бул тууралуу Калбүбү Менсеитова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстанда Ленинград блокадасынан аман чыккан 10 эле адам калды
Анын айтымында, Бишкекте блокадада эрдик көрсөткөндөрдүн элесине арналган бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө.
"Бул адамзат тарыхындагы эң узакка созулган жана эң каардуу курчоо болду. Ленинград үчүн болгон айыгышкан салгылашууда 4,5 миңден ашык кыргызстандык курман болгон. 1944-жылдын январында блокада азабын тарткан ленинграддыктар СССРдин башка республикалары сыяктуу Кыргызстанга да жөнөтүлгөн. Согуш учурунда курчоодо калган шаардан 16 миңден ашуун адам, анын ичинде 3,5 миң бала Кыргыз ССРине көчүрүлгөн. Эвакуациялангандардын ичинен 150 баланы Улуу Ата Мекендик согуш маалында кыргызстандык Токтогон Алтыбасарова багып-өстүрүп, мээримин төккөн. Учурда Кыргызстанда блокададан аман чыккан 10 гана адам калды. Тарыхый окуяны эскерүү максатында, салт боюнча, блокададан аман калгандардын мемориалында эскерүү жыйыны, ошондой эле жаш муундарга Ленинграддын эрдиги тууралуу баяндалган ачык сабактар өткөрүлдү. Алсак, 18-январда борбор калаада Ленинград курчоосунун үзүлгөнүнүн 81 жылдыгына карата уюштурулган митинг-реквием өттү. 25-январдан 8-февралга чейин Улуттук тарых музейинде Ленинграддын фашисттик блокададан толук бошотулганынын 80 жылдыгына карата көргөзмө ачылды. Ал эми 27-январь күнү Дайыр Асанов атындагы парктагы блокадачылардын эстелигине гүл коюлуп, эскерүү аземи өтөт. Бул иш-чаралар Ленинград блокадасынын кыргыз коомчулугу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги жана"Россотрудничество" агенттигинин колдоосу менен өткөрүүдө. Ошол тарыхый күндөрдүн элесин кылдаттык менен сактап, жаш муундарга жеткирүү керек", — деди Менсеитова.
Ал Кыргызстандагы Ленинград блокадачылар коомунун башчысы Марат Кутанов менен биргеликте тарыхый окуяга арналган китеп чыгарышканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0