ЖК депутаты Эмил Жамгырчиев бир айга камалды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Эмил Жамгырчиев
Депутат Эмил Жамгырчиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2024
Жазылуу
Соттун чечими менен депутат 26-февралга чейин УКМКнын убактылуу тергөө абагында болот.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин баш коргоо чарасын тандап, бир айга камоо чечимин чыгарды.
Парламентарий Өзбекстан менен болгон чек арадан мыйзамсыз өткөн деп шектелүүдө. Соттун чечими менен депутат 26-февралга чейин УКМКнын убактылуу тергөө абагында болот.
Эске салсак, 2023-жылдын декабрь айында башкы прокурор Курманкул Зулушев Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууну сурап Жогорку Кеңешке кайрылган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси менен айыпталууда. Бул боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия 9-январда, ал эми Жогорку Кеңеш 10-январда парламентарийди жоопко тартууга макулдугун берген. Ошол эле күнү Жамгырчиев парламенттин экинчи кабатынан секирип качып кеткен. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ЖК жыйынында Жамгырчиевди эч ким камабай турганын айткан. Анткени ал айыпталып жаткан иш оор кылмыштардын катарына кирбейт деген. УКМК башчысы депутатты тергөөчүгө келип берүүгө чакырган.
Анын маалыматына караганда, Жамгырчиев Өзбекстандагы кримтөбөл Салим Абдувалиевге кайрылып, Ташиевге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Кийинчерээк президент Садыр Жапаров Жамгырчиев Абдувалиевден "эки досту" (коомчулукта Жапаров менен Ташиев "эки дос" деп айтылып келет) жок кылууга жардам сураганын билдирген.
12-январда парламентарий УКМКга сурак берүү үчүн өзү барган.
Президент Садыр Жапаров маек берүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2024
Садыр Жапаров издөөдөгү Имамидин Ташов, депутат Эмил Жамгырчиев тууралуу айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0