Жетишип калыңыз! ЖОЖго кышкы кабыл алуунун акыркы туру өтүүдө

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүБолочок абитуриенттер университетте ачык эшиктер күнүндө. Архив
Болочок абитуриенттер университетте ачык эшиктер күнүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2024
Жазылуу
Документтерди кабыл алуу 24-январь күнү саат 14:00дө аяктайт.
БИШКЕК, 23-янв. —Sputnik. 2023-2024-окуу жылына Кыргызстандагы жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуунун IV туруна каттоо жүрүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 22-январда башталган, 24-январь күнү саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 25-январь күнү саат 9:00гө чейин жайгаштырылат. Кабыл алынган абитуриент окууга каалоосун 27-январь саат 16:00гө чейин тастыктоосу керек.
Эскерте кетсек, абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун I туру 2023-жылдын 25-декабрында башталган.
Малга укол сайып жаткан ветеринар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2024
Ветеринар, фермерлер акысыз окутулат. Кайда кайрылуу керек?
Жаңылыктар түрмөгү
0