Толуктугумдун айынан жолдошум менен мамилем бузулду. Келиндин каты

© AFP / FRANCOIS GUILLOTАшыкча салмактуу аял. Архив
Ашыкча салмактуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2024
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына толуктугунан жабыркап, жолдошунун сезимин жоготуп алуудан корккон келин кат жазган.
Саламатсыздарбы! Мен 35 жаштамын. Жолдошум, эки балам бар. Кыз кезимде жакшынакай эле болчумун. Төрөттөн кийин абдан толуп кеттим. Туура тамактанууга өтүп, күндө көнүгүү жасап турам. Жайында чуркап да жүрдүм. Бирок такыр эле арыктай албай койдум. Бир аз салмак таштаганым менен оюмдагыдай боло албай кыйналып келем. Мындан улам жолдошум да мага мурункудай мамиле жасабай калды. Көчөгө чыкканда же мейманга барганда кыздарды көзү жайнап караганын көрүп ичим күйөт. Жолдошум жакшы жумушта иштейт, мен азыр декреттемин. Өзүм борбордогу банктардын биринде кассирмин. Менин толуктугумдун айынан үйдө уруш, кызганыч көп болот. Өзүмө болгон ишеним да жоголуп бара жатат. Сырткы келбетим жакпай депрессияга түшүп баратам. Өзүмдү баалоом төмөндөп кетти. Бирөөлөр карап койсо эле дароо өзүмө алам. Аяштардын, кайын журттун арасында кысыла берчү болдум. Жакындан бери жолдошум мени майды сордурган пластикалык операция жасатуумду сунуштады. "Акчасынын баарын төлөп берем, чынын айтсам, мурдагы кезиңди көргүм келет" дейт. Унчуккан жокмун. Жолдошум жумушка кеткенде ызаланып аябай ыйладым. Бирок мен аны абдан жакшы көрөм. Көз алдымда үй-бүлөлүк жылуу очогум өчүп калышын каалабайм. Бирок ошондой коркунуч менен да жашап калдым. Экинчи баламды төрөгөнүмө бир жыл болду. Ушул абалдан кантип чыгарымды билбей жатам. Айрым толук аялдарды карасам жыргап эле жүрөт. Же алар деле ичинен мендей кыйналабы, билбейм. Ошондуктан азыр операцияга макул болуп майларымдын баарын сордуруп салсамбы деп жатам. Сураштырып көрсөм өтө оор операция экен. Ошол себептен бир чети коркуп жатам. Эки тараптан тең кысым болуп жаткан абалдамын. Кандай кылууга болот? Бир гана ажырашуу тууралуу кеңешти кабыл ала албайм.
Психолог Гүлнара Жасоолова: Саламатсызбы! Адамда психологиялык чектөөлөр бар. Мисалга, ушул катты жазган келиндей өзүнө "толуп кеттим, эми арыктай албайм" деген чектөө коюп алат да, аны менен алпурушуп жүрө берет. Мунун артында элден качып, баары мени карап турат деген ой менен кысыла берет. Бул, албетте, депрессияга кептейт. Киши элден бекинип, коомдук жайда оюн айта албай, үйдөн чыкпай калса — бул депрессиянын белгиси.
Кызганыч маселесин да өзүнчө карасак. Жогоруда айткан психологиялык чектөөлөрдү адам өз ара байланыштырып чынжырча кылып алып, "абдан толуп кеттим, ошол себептен жолдошум арыктарды карап жатат" деген сыктуу ойлордун курмандыгы боло берет. Мүмкүн андай эместир. Муну ачык түшүнүп алуу керек. Эң биринчиси, адам мээсиндеги чектөөлөрдү "бул утурумдук, келечекте өз ордума келем. Азыр бала эмизип жатканда ушундай абал жарала берет" дегендей жакшы ойлорго алмаштырып алганы оң.
Антпесеңиз өзүңүзгө болгон мамилеңиз төмөндөп кетет да, адам менен мамиле түзүү кыйындайт. Психологго кайрылыңыз. Кызганыч адатка айланып, андан кийин оору болуп калат. Психосоматика деген түшүнүк бар. Мында адам терс ойлорго ишенип, өзү корккон же өзүн чочулаткан маселелер тууралуу ойлоно берет. Ага жол бербей жакшы нерселерди гана ойлонуңуз. Операциядан мурун ойду оңдоо керек.
Апасын кучактап турган кыз. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2024
Апамдын убагында зомбулук көргөнүн эми түшүнүп жатам. Кыздын каты
Жаңылыктар түрмөгү
0