Кыргызстан өткөн 11 айда 15,5 тонна алтын экспорттоду

© AFP / JOE KLAMARАял алтын куймаларды коюп жатат. Архив
Аял алтын куймаларды коюп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2024
Жазылуу
Кыргызстандын баалуу металлдарын төрт өлкө сатып алган.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын 11 айында Кыргызстан 972,8 миллион долларга бааланган 15 тонна 477,7 клиограмм алтын экспорттоду. Маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады.
Кардар өлкөлөр:
Швейцария — 12 тонна 799,8 килограмм;
Гонконг — 1 тонна 377,7 килограмм;
БАЭ — 1 тонна 294,7 килограмм;
Түркия — дээрлик 5,6 килограмм.
2022-жылдын ушул мезгилинде сыртка 88,5 килограмм алтын сатылган.
Башка жылдардагы экспорт төмөнкүдөй болгон:
2022 — 290,5 килограмм;
2021 — 24,8 тоннадан ашык (Улуттук банк саткан 19 тонна алтын кошулуп);
2020 — дээрлик 17,7 тонна;
2019 — 18,7 тонна;
2018 — 16,5 тонна.
Кыргызстан адатта ири өлчөмдө алтын сатчу, бирок 2021-жылы экспорт кескин азайган. Баалуу металлдар рыногунун катышуучуларынын Лондон ассоциациясы "Кыргызалтын" ААКты ишенимдүү жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен убактылуу чыгарып (бул статус кийинчерээк калыбына келтирилген) салган. Ошондой эле бийлик күтүлбөгөн жагдайларда колдонуу үчүн баалуу металлды камдап жаткан.
Улуттук банктын алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
Улуттук банктын алтын корунун баасы 9,3 млрд. сомго төмөндөдү
Жаңылыктар түрмөгү
0