Көзөмөл орган кыргызстандыктарды шектүү лотереяга катышпоого чакырды

© Depositphotos.com / vladislavgajicНомерленген лотерея шарлары. Иллюстративдик сүрөт
Номерленген лотерея шарлары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы SUIUN_TV, "Баткен сила", "Ош сила" лотереялары мыйзамсыз ойнотулуп жатканын эскертти.
Мекеме кыргызстандыктарды шектүү лотереяларга катышпоого жана билеттерин албоого чакырган.
Белгилей кетсек, учурда бул лотереялар социалдык тармактан жарнамаланып, өз алдынча ойнотулуп жатат.
Мыйзам боюнча, мындай оюндарды уюштурган тарапка кылмыш жоопкерчилиги каралган. Ошондой эле киреше толугу менен мамлекеттик бюджетке алынып, жетим жана майыптыгы бар балдарды камсыздоого жумшалат.
Үй курулушунда иштеп жатккан куруучу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2023
Курулуш компаниясына алданып калбоо үчүн эмнени билүү шарт? Юристтин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0