Тик учак кырсыгы. Министрлик жабыркагандардын абалын айтты

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүОорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан жабыркаган адам. Архив
Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан жабыркаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2024
Жазылуу
Учурда Тез жардам ооруканасында сегиз, Улуттук госпиталда эки адам дарыланып жатат.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бишкекте кулаган тик учакта жабыркагандардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, учурда Тез жардам ооруканасында сегиз адам дарыланууда.
"Жандандыруу бөлүмүндөгү төрт адамдын экөө палатага которулса, калганы дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат. Дагы эки жабырлануучу Улуттук госпиталда, алардын дагы абалы туруктуу", — деди министрликтин маалымат кызматы.
Эске салсак, кечээ, 17-январда, Бишкектин четинде Ми-8МТВ үлгүсүндөгү тик учак окуу-машыгуу учурунда кулаган. Кырсыктан бир адам каза таап, 10 аскер жабыркады.
Окуядан улам Абадан коргонуу күчтөрүнүн кызматтык адамдары иштен убактылуу четтетилди. Ведомство мындай кадам объективдүү иликтөө жүргүзүү үчүн жасалганын кабарлаган.
Окуу-машыгуу учурунда Бишкектин четине кулаган Ми-8МТВ үлгүсүндөгү тик учак - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2024
Бишкекте тик учактын кулаган учуру видеого түшүп калган
Жаңылыктар түрмөгү
0