Израиль дарыгерлерден ХАМАС чабуулу боюнча БУУнун иликтөөсүнө катышпоону суранды

© AP Photo / Ariel SchalitИзраиль аскери ХАМАС согушкерлери тарабынан сокудан кийинки жабыркаган үйдү текшерип жатат
Израиль аскери ХАМАС согушкерлери тарабынан сокудан кийинки жабыркаган үйдү текшерип жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2024
Жазылуу
Израиль ТИМинин өкүлү БУУ комиссиясын үч "белгилүү шовинист" башкарып жатат деген билдирүү жасаган.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Израиль бийлиги ХАМАСтын 7-октябрда аларга кол салуусун изилдеп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү менен кызматташпоосун суранды. Бул туурасында аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Лиор Хаяттын айтканын РИА Новости жазды.
"Дарыгерлерден ХАМАСтын 7-октябрда кол салуусун изилдеп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлдөрү менен кызматташпоосун сурандык", — деген ал NBC News телеканалында сүйлөп жатып.
Хаят Израилдеги окуяларды иликтөө боюнча түзүлгөн БУУ комиссиясын үч "белгилүү антисемит" башкарып жатат деген билдирүү жасаган. Бул үч кишинин катарына Түштүк Африка Республикасынын өкүлү Наванетхем Пиллэйди кошкон. Ал БУУнун адам укуктары боюнча комиссарлык ишин 2008-2014-жылдары аткарып турган.
Хаят, мындан сырткары, комиссиянын иликтөө жүргүзүүдө так мөөнөтү белгиленбегендигине ичи чыкпаганын айткан.
Эске салсак, Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрынан тарта ХАМАС Израилге сокку урду делгенден тарта курчуп кеткен. Мындан кийин анын жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Израилде, өкмөттүн акыркы маалыматы боюнча, 1,2 миңге жакын адам каза таап, 5 миңден ашууну жарадар болгон. Ал эми Газа тилкесинде 24,4 миңдей адам набыт болуп, 61 миңден көп киши жаракат алган.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгына байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери ал чөлкөмдөгү кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Газа секторунан атылган ракеталар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2024
ЖМК: Израиль Газа тараптан болгон ракеталык аткылоого тушукту
Жаңылыктар түрмөгү
0