Аламүдүн коктусунда жоголгон кишини 20дан ашык куткаруучу издөөдө

© Фото / пресс-служба МЧС КРАламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөөгө куткаруучулар чыгышты
Аламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөөгө куткаруучулар чыгышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн коктусунда (Тёплые ключи) 30 жаштагы киши жоголуп, аны издөө иштерине 20дан ашык куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Алдын ала маалымат боюнча, М.М. аттуу киши 2024-жылдын 14-январь күнү дайынсыз жоголуп, ошондон бери кайда экени белгисиз.
"Мындан улам аны издөөгө ӨКМдин 21 куткаруучусу менен "Эдельвейс" кошуунунун 7 куткаруучусу тартылды. Жаранды кинологдор, адистер дрон менен издеп жатышат", — деп айтылат кабарда.
ӨКМ кошумча маалымат берилерин белгиледи.
Тоого чыгып бара жатышкан альпинисттер. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2024
ӨКМ 3 800 бийиктикте калган россиялык альпинистке жардам берди. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0