Бишкекте кырсыктаган тик учак. Коргоо министрлигинин маалыматы

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМИ-8 тик учагы. Архив
МИ-8 тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2024
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча, тик учак саат 10:55те Фрунзе-1 аймагына кулаган.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Коргоо министрлиги тик учактын кырсыктаганын тастыктады. Алдын ала маалымат боюнча, бир адам каза тапкан.
Эске салсак, аба техникасы саат 10:55те Фрунзе-1 аймагына кулаган.

"17-январда окуу-машыгуунун жүрүшүндө Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн тик учагы аргасыз конууга дуушар болгон. Жабыркагандар бар. Коргоо министрлигинин жана Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кызмат адамдары тарабынан бул окуянын чоо-жайын тактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгынан кийин кошумча маалымат берилет. Алдын ала маалымат боюнча, бир адам каза тапкан", — деп айтылат маалыматта.

Окуя боюнча Sputnik тексттик трансляция жүргүзүп жатат.
Ооруканада жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2024
Бишкекте аскердик тик учак кырсыктады. Бир адам каза болгону айтылууда
Жаңылыктар түрмөгү
0