Антибиотиктерди туура ичиңиз. Дарыгерлердин эскертүүсү

© Фото / Unsplash / Alexander PolousДары дармектер жана стакандагы суу столдун үстүндө турат. Архив
Дары дармектер жана стакандагы суу столдун үстүндө турат.  Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2024
Жазылуу
Антибиотиктер вирустук инфецияларды, тагыраагы, курч респиратордук вирустук илдеттер (КРВИ) менен гриппти дарылоодо колдонулбай тургандыгы эскертилди.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Антибиотиктерди дарыгердин көрсөтмөсү жок ичпеңиздер. Мындай эскертүүнү Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан таратышты.
Анда аталган дарыларды башаламан иче берүү ден соолукка чоң зыян алып келери айтылат. Мындан тышкары, антибиотиктер иммунитетти алсыратып, боор, бөйрөк жана башка органдардын иштешине терс таасир этип, нерв системасын жабыркатары белгиленген. Кээде аллергиянын пайда болушуна да себепкер болорун кошумчалашкан.
"Жылдан-жылга антибиотиктердин майнаптуулугу азайгандыгына байланыштуу пневмония, кургак учук, гонорея сымал илдеттерди дарылоо кыйын болуп жатат", — деп билдиришти борбордон.
Ошондой эле антибиотиктер вирустук инфекцияларды, тагыраагы, сасык тумоо менен гриппти дарылоодо колдонулбай тургандыгын, алар бактериялык инфекциялардын алдын алууда жана дарылоодо гана колдонуларын эскертишти.
"Андыктан дарынын бул түрүн адистин көрсөтмөсү менен гана ичүүгө уруксат берилет. Мындан тышкары, колду самын менен жууп, гигиенаны сактап, өз убагында эмдөөдөн өтүп туруу зарылдыгын унутпаңыз", — дешет адистер.
Соңку маалыматтарга таянсак, эпидемиялык мезгилдин башталышы менен Кыргызстанда курч респиратордук вирустук илдеттер жана грипп менен ооругандардын саны акырындап өсүүдө. Өткөн жумада (8-14-январь аралыгы) грипп жана КРВИге чалдыккан кыргызстандыктардын саны 10 112ге жеткен. Көрсөткүч бир жумада 22,5 пайызга жогорулаган. Ооругандардын жарымынан көбү (65,4 пайызы) — 14 жашка чейинки балдар.
Бишкектеги Эркиндик бульварында ит менен сейилдеп жүргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2024
Кыргызстандык дарыгерлер иммунитетти дарысыз көтөрүүнүн жолдорун атады
Жаңылыктар түрмөгү
0