УКМК 24KG маалымат агенттигин текшерген себебин түшүндүрдү

© Sputnik24KG маалымат агенттиги. Архив
24KG маалымат агенттиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. УКМК 24KG маалымат агенттигинин кеңсесин тинтүү боюнча билдирүү таратты.
Белгилей кетсек, бүгүн, 15-январда, атайын кызматтын өкүлдөрү редакциянын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, кийинчерээк жетекчилерин суракка алып кеткен.

"Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси ("Согушту пропагандалоо") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 24KG маалымат агенттигинин кеңсеси текшерилген. Анын жыйынтыгында компьютер, ноутбук, кылмыш иши үчүн мааниси бар башка далил болчу буюмдар алынды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда ыкчам тергөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.
КР президенти Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2024
Садыр Жапаров: башаламандык уюштуруу үчүн эл топтогондорго жооп катуу болот
Жаңылыктар түрмөгү
0