Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызстанда ломбарддардын уставдык капиталы график менен көтөрүлүүдө

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуФинансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын лицензиялык уруксат берүү бөлүмүнүн башчысы Эркин Насиров
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын лицензиялык уруксат берүү бөлүмүнүн башчысы Эркин Насиров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2024
Жазылуу
Өлкөдө 423 ломбардга лицензия берилип, иштеп жатат. Коомчулукта алар берген акчага кошулган пайыздар жогору болуп жатканы айтылып, бул тармакка көзөмөл жүргүзүү талабы коюлууда.
Учурдагы мыйзамдарда ломбарддын пайыздык чени так көрсөтүлбөй калган. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын лицензиялык уруксат берүү бөлүмүнүн башчысы Эркин Насиров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстанда ломбарддардын уставдык капиталы график менен көтөрүлүүдө
Анын айтымында, 2023-жылы ломбарддардын пайыздык ченине чектөө коюу боюнча мыйзам долбоору сунушталды.
"Мыйзам кабыл алынгандан кийин Жарандык кодекске, сүткорлукка каршы жана ломбард жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүү, толуктоолор киргизилет. Ал мыйзам долбоору боюнча ломбарддардын жылдык пайызы 43төн ашпагандай болуп сунушталууда. Бул көрсөткүч мыйзам кабыл алынып жатканда дагы өзгөртүүлөргө дуушар болушу ыктымал. Мына ошол мыйзам кабыл алынгандан кийин ломбарддардын ишине көзөмөл жүргүзүлүп, пайыздары белгиленген чектен ашса мыйзамдын чегинде лицензиясын алып коюу, айып салуу жана башка жоопкерчилиги каралат. Демек, бул тармакты көзөмөлгө алууга мүмкүндүк жаралат", — деди Насиров.
© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуФинансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын финансылык рынокту көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси Абай Кадыралиев
Главный специалист управления контроля финансового рынка Государственной службы регулирования и контроля финансового рынка Абай Кадыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2024
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын финансылык рынокту көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси Абай Кадыралиев
Ал эми Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын финансылык рынокту көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси Абай Кадыралиев ломбарддар акчаны күндүк, айлык пайыз менен берип, аны жылга эсептей келгенде 300-400 пайызга чыгып кетип жатканын белгиледи.
"Учурда ишкерликти пландык текшерүүгө мораторий иштейт. Ошондуктан плансыз гана текшерүүлөрдү жүргүзө алабыз. Башкача айтканда, кайсы бир ломбарддан жаран жабыр тартып арыз менен кайрылса, ошол ломбарддын ишмердүүлүгү текшерилет. Мыйзам кабыл алынса ломбарддар каалаган пайыз менен акча бере албай калат. Мындан тышкары, 500 миң сомдук уставдык капиталын график менен көтөрүү иштери дагы жүзөгө ашырылууда" — деди Кадыралиев.
Ошондой эле уктуруунун жүрүшүндө ломбарддан акча алгандарды "кара тизмеге" киргизүү мыйзамсыз болуп калары кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0