Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Өмүрбекова: ЕАЭБ өлкөлөрүндө мыйзамдуу иштеп көп жеңилдиктерге ээ боло алышат

© Фото / пресс-служба ЕЭКЕЭКтин Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова
ЕЭКтин Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2024
Жазылуу
ЕЭКтин Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова ЕАЭБ мамлекеттерине барып иштеген эмгек мигранттарын мыйзамдуу иштерге орношууга чакырды.
ЕАЭБ өлкөлөрүнө эмгек миграциясына Кыргызстандан баргандар көп. Мен мекендештерге ишке орношордо мыйзамдуу гана жумуштарды тандоону сунуштайт элем. Ооба, тандоону, анткени азыр өзгөчө Россия Федерациясында иш издегендер үчүн тандоо мүмкүнчүлүгү жогору. Бул тууралуу Алтынай Өмүрбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Өмүрбекова: ЕАЭБ өлкөлөрүндө мыйзамдуу иштеп көп жеңилдиктерге ээ боло алышат
Анын айтымында, иш берүүчү мыйзамсыз орношууну сунуштаган учурда чочулабай эле баш тартуу зарыл.
"Кыргызстандыктар ЕАЭБге кирген мамлекеттердин ичинен көбүнесе Россия Федерациясы жана Казакстанда эмгектенишет. Алар ишке орношуп жатканда өздөрүнүн укуктары сакталышы үчүн мыйзам чегинде гана жумушка кириши зарыл. Ошондо ЕАЭБ түзүп жаткан бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдоно алышат. Айталы, кайсы бир адистиктин ээси болуп, аны тастыктаган диплому болсо жана өз кесиби боюнча ишке орношуп жатса, анда уюмга мүчө кайсы мамлекеттин жараны болбосун, жергиликтүүлөр менен бирдей укуктарга ээ болот. Медициналык камсыздандыруу, мыйзамда көрсөтүлгөн тартиптеги эмгек өргүүсү, улгайганда пенсияга чыгуусу — бардыгы каралат. Мыйзамдуу ишке кирген жарандардын ошол мамлекетте жашап, эмгектенүүсү да жеңилирээк болот. Андыктан иш берүүчү мыйзамды буйтап өткөн аракеттерди сунуштаган учурда андан баш тартуу зарыл. Ишке орношуп жатканда убактылуу каражатка кызыкпай легалдуу иштерди издегени туура болот. Эмгек миграциясына аттанарда миграция борборлоруна барып маалымат алып же бараткан өлкөсүнө жараша www.zanyatost.kg, www.enbek.kz, https://trudvsem.ru порталдарынан карап алса болот", — деди Өмүрбекова.
Ал ошондой эле Россия Федерациясында учурда кара тизмеге киргизилген айрым мыйзам бузууларды айып пул төлөө менен алмаштыруу мыйзам долбоору каралып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0