Баткен, Көл, Ош, Чүйдөгү бир нече калктуу конуш айыл статусун алат

© Sputnik / Табылды КадырбековКышкы Оштун көрүнүшү. Архивдик сүрөт
Кышкы Оштун көрүнүшү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2024
Жазылуу
Мыйзам расмий жарыялангандан тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Баткен, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Документ 2023-жылдын 29-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Айыл категориясына киргизиле турган калктуу конуштар:
Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Момунов калктуу конушу;
Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер жана Жийделик конуштары;
Исхак-Полотхан айыл аймагынын Келечек калктуу конушу;
Ош шаарынын Качыбек, Мээркан жана Татар конуштары;
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Кайрагач конушу;
Мады айыл аймагынын Достук жана Кызыл-Тал конуштары;
Ноокат районуна караштуу Т. Зулпуев айыл аймагынын Калдай конушу;
Чүй облусунун Сокулук районуна караган Кызыл-Туу айыл аймагынын Исмаил конушу;
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сары-Булак айыл аймагынын Келечек калктуу конушу.
Мыйзам расмий жарыялангандан кийин он күн өтүп күчүнө кирет.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2024
Үч облустун 8 айылынын аталышы өзгөрмөй болду. Мыйзамга кол коюлду
Жаңылыктар түрмөгү
0