Баткенде муунтулган келиндин сөөгү табылды. Кылмышка жолдошу шектелүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековКишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2024
Жазылуу
Жубайлардын майыптыгы бар экени, кулагы жакшы укпай турганы айтылды.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунда муунтулган 22 жаштагы келиндин сөөгү табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматы кабарлап, окуянын чоо-жайын айтты.
Ага ылайык, 2024-жылдын 2-январында саат 15:00дөр чамасында Кадамжай районунун Исхак-Полотхан жалпы дарыгерлер практикалык борборунун тез жардам бөлүмүнүн дарыгери милицияга чалып, көчөдө аял кишинин сөөгү жатканы тууралуу кабарлаган.
© Фото / пресс-служба УВД Баткенской областиЗадержание мужчины подозреваемого в убийстве в Кадамджае
Задержание мужчины подозреваемого в убийстве в Кадамджае  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2024
Бул иш Кадамжай РИИБдин электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып териштирүү жүргүзгөн.
"2-январь күнү Ж.Г. аттуу киши аялы А.К. менен Ирелеш айылынын Садыков көчөсүндө баратып пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Жыйынтыгында Ж.Г. аялын муунтуп, А.К. ошол жерден көз жумган. Ыкчам-тергөө тобу келиндин сол көзү көгөрүп, мойнунда кол менен муунтулган белгилер бар экенин аныктаган", — деп айтылат кабарда.
Маалым болгондой, көз жумган келиндин да, жолдошунун да кулагы жакшы укчу эмес.
Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүгү ("Адам өлтүрүү") боюнча иш козголуп, кылмышка шектүү катары келиндин жолдошу кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилгени кошумчаланды. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Азыркы учурда тергөө жүргүзүлүүдө.
Колунда бычак кармаган киши. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
Ошто аялын бычактап соттолгон киши. Келиндин жакындары өкүмгө нааразы
Жаңылыктар түрмөгү
0