Көлбаевге таандык болгон объектилердин курулушуна катышкан деп ишкер кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРКримтөбөл Камчы Көлбаевдин кирешелерин адалдаган деп шектелип В.Р.Г. аттуу ишкер кармалды
Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кирешелерин адалдаган деп шектелип В.Р.Г. аттуу ишкер кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2024
Жазылуу
Айыпталуучу УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кирешелерин адалдаган деп шектелип В.Р.Г. аттуу ишкер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ага карата Жазык-процесстик кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгү ("Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)") боюнча иш козголуп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
"В.Р.Г. Көлбаевдин кылмыштуу аракеттерин билип, 2016-жылдан бери кылмыш жолу менен табылган акчаны мыйзамдуу деп көрсөтүү менен алектенген. Ошондой эле Камчы Көлбаевге таандык болгон "Березка" мончо комплекси, "Барс" эс алуу борбору, "Каганат Резорт" эс алуу борбору, Чолпон-Ата шаарындагы "Ордо" соода борбору, "Сейил" шаарчасындагы коттедждердин курулушуна биргелешип катышкан", — деп айтылат маалыматта.
УКМК Көлбаевге тиешелүү мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иштери улантылып жатканын кошумчалады.
Ысык-Көлдө россиялык инвестордон коттедж шаарчасын тартып алышкан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2023
УКМК: Ысык-Көлдө россиялык инвестордон коттедж шаарчасын тартып алышкан
Жаңылыктар түрмөгү
0