Бычак кезеп коркуткан. Түптө ишкердин үйүн карактагандар кармалды. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековМушташып жаткан кишилер. Архив
Мушташып жаткан кишилер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2024
Жазылуу
Милициянын версиясы боюнча, бет капчан эки адам курал көтөрүп терезеден кирген.
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районунда ишкердин үйүнө ууруга кирип, аны тоноп кеткендер кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, окуя Түп районунда 31-декабрда таңкы саат 05:00дөр чамасында болгон. Милициянын версиясы боюнча, бет капчан эки адам курал көтөрүп терезеден кирип, акча талап кылып алгач аялды сабай баштаган. Ошол учурда бөлмөгө кирип келген жолдошун темир буюм менен башка чаап, байлап коюшкан. Анан аялы менен жаш баласына бычак кезеп коркуткан. Натыйжада 120 миң сомун, телефондорун алып кетишкен.
© Фото / пресс-служба МВД КРЫсык-Көл облусунун Түп районунда ишкердин үйүнө ууруга кирип, аны тоноп кеткен шектүүлөр
Задержание подозреваемых в разбойном нападении в Тюпском районе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2024
Ысык-Көл облусунун Түп районунда ишкердин үйүнө ууруга кирип, аны тоноп кеткен шектүүлөр
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин 2-бөлүмү ("Каракчылык") боюнча иш козголуп, шектүүлөр Бишкектен колго түшүрүлгөн.
36 жаштагы Б.Р документ жасалмалаганы үчүн Россияда издөөдө жүргөн, ал эми 37 жаштагы О.Ф. мурда соттолгону маалым болду. Экөө тең Түптүн тургундары экени айтылды.
Кишенчен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2023
Сузакта акча алмаштырабыз деп 2,7 млн. сомду карактап кеткендер кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0