Казакстанда жер оюлуп, адамдар бараткан автобус 150 метр тереңдикке түшүп кетти

© AP Photo / ASSOCIATED PRESSОюлуп кеткен жерде адамдарды сактоо үчүн куткаруучулар иштеп жатат
Оюлуп кеткен жерде адамдарды сактоо үчүн куткаруучулар иштеп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2024
Жазылуу
Куткаруучулар эки адамдын сөөгүн тапты, калгандарын издөө улантылууда.
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Казакстандын Павлодар облусунда жер оюлуп, куткаруучулар бараткан автобус 150 метр тереңдикке түшүп кетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Маалыматка караганда, облустагы шахталардын жака-белинде жер көчкөн. Оператор аны жарылуу болду деп ойлоп, тоо куткаруучуларын чакырган. Жерине төрт адис менен барган автобус аңга түшүп кеткен.
Куткаруучулар эки адамдын сөөгүн тапты, калгандарын издөө улантылууда. Автобус оюлуп калган жердин түбүнөн да 5 метр тереңге кирип кеткен деп болжолдонууда.
Окуя 4-январда болгон. Шахтадан 33 жумушчу эвакуацияланган.
Куткаруучулар Япониядагы жер титирөөдөн кийин көчкү болгон жерде жоголгон курмандыктарды издеп жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2024
Япониядагы жер титирөөлөр. Көз жумгандардын саны 110го жетти
Жаңылыктар түрмөгү
0